Сурабалдиева ЖКнын Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрайымы болдуЖалпы жарандык паспортту эми «Түндүк» тиркемеси аркылуу онлайн алмаштырууга болотЖапония Кыргызстандагы миңдеген фермерди колдоо үчүн 4,5 млн доллар бөлөт20-февралга карата аба ырайыErasmus+ программасы жана КРда билим берүүнү модернизациялоо: Европарламенттин делегациясы менен жолугушуунун жыйынтыгыДепутат Болот Ибрагимов Жогорку Кеңештин спикеринин орун басары болуп шайланды
Москвада кыргызстандык жарандын 100 миң долларын карактап кетишти. Видео
29.11.2022 | 10:01
Москвада чак түштө Кыргызстандын жаранын карактап кетишти. Бул тууралуу россиялык ММКлар жазды.
Маалым болгондой, окуя Москванын түштүк-батыш бөлүгүндө болгон. Россиялык айрым ММКлар укук коргоо органдарындагы өздүк булактарына таянып жазгандай, кол салуу бирөөнүн көрсөтмөсү менен болуп, алдын ала даярдалган.
Кыргызстандын жараны банктан чыгып келе жатканда, куралчан эки адам ал тарапка ок чыгарып, 100 миң доллар салынган сумканы алып кеткен. Бул окуядан жараат алгандар жок экени кабарланууда.
Учурда полиция кызматкерлери кылмышкерлерди издөөдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз