Кыргызстанда окуу жылы 15-сентябрда башталат — себептери
Кыргызстанда 2026-жылы окуу жылы 15-сентябрда башталат. Бул тууралуу маалымат жыйынында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билдирди.
Анын айтымында, окуу жылынын башталышын 15-сентябрга жылдыруу Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин өткөрүлүшү менен байланыштуу. Ал эми окуу процесси 25-майда аяктайт.
Эске салсак, 2026-жылкы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда өтөт. Иш-чара Бишкек шаарын (ачылыш жана жабылыш салтанаттары) жана Чолпон-Ата шаарын (негизги мелдештер) камтыйт. Ага 100дөн ашуун өлкөдөн 3 миңдей спортчу катышуусу күтүлүүдө.
Мындан тышкары, Кыргызстан 2025-жылдын 1-сентябрынан 2026-жылдын күзүнө чейин «ШКУга 25 жыл — тынчтыктын жана гүлдөп өнүгүүнүн мейкиндиги» урааны астында ШКУга төрагалык кылат.
Башкы окуя — уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларынын юбилейлик саммити болмокчу. Ал Бишкекте 2026-жылдын 31-августунан 1-сентябрына чейин өтөт. Саммитке ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлери, анын ичинде Россиянын президенти катышары күтүлүүдө.