Кыргызстан Дүйнөлүк банкты ак илбирсти коргоого жана 2027-жылкы тоо саммитине даярдык көрүүгө чакырды
Астанада өткөн эки тараптуу жолугушуулардын жүрүшүндө КР Жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаев Дүйнөлүк банктын өкүлү Валери Хикки менен табигый капиталды сактоо, «Бирдиктүү ден соолук» (One Health) демилгесинин алкагында тармактар аралык ыкмаларды өнүктүрүү, ошондой эле тоолуу аймактардагы биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо маселелерин талкуулады.
Министр Дүйнөлүк банкты 2027-жылы Кыргызстанда өтө турган «Бишкек+25» Глобалдык тоо саммитине даярдык көрүүгө катышууга чакырды.
Сүйлөшүүлөрдө ак илбирс байырлаган 12 өлкөнүн платформасы болгон GSLEP программасы өзгөчө орун алды. Токтобаев Дүйнөлүк банкты анын ишине жана Биологиялык ар түрдүүлүк боюнча глобалдык алкактык фонддун (GBFF) алкагында жаңы инвестициялык циклди калыптандырууга жигердүүрөөк кошулууга чакырды.
«Кыргызстан GSLEP программасын өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет. Биз аны тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча аймактык долбоорлор үчүн натыйжалуу механизм катары карайбыз. Биздин өнөктөштүк бүтүндөй аймак үчүн маанилүү болгон практикалык демилгелерди ишке ашырууда эбегейсиз зор потенциалга ээ экенине ишенем», — деп билдирди министр.
Жолугушуу 22–24-апрелде Астанада өткөн Аймактык экологиялык саммиттин (РЭС-2026) жана Климаттын өзгөрүшү маселелери боюнча 8-Борбордук Азия конференциясынын (ЦАКИК-2026) алкагында болуп өттү.