Кыргызстанда мугалимдердин айлыгы эки эсе көтөрүлдү — кенен маалымат

27.04.2026 | 10:46

Кыргызстанда 2026-жылдын 1-апрелинен тарта билим берүү тутумунун кызматкерлеринин айлыгы эки эсе көбөйдү. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Буга чейин бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков кабарлаган.

Министрликтин маалыматына ылайык, чечим президенттин жарлыгына жана министрлер кабинетинин токтомуна ылайык кабыл алынды.

«Документте кызматтык маяналарды жана педагогикалык ставкаларды 60%га жогорулатуу, ошондой эле 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм киргизүү каралган. Техникалык жана кенже персонал үчүн ал 5 миң сомду түзөт», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, компенсациялык төлөм эмгек өргүүсүн, жөлөкпулдарды жана башка кошумча төлөмдөрдү эсептөөдө эске алынбайт жана бир ставка өлчөмүндө берилет. Бир ставкадан аз иштегендерге иштеген убактысына жараша (пропорционалдуу) төлөнөт.

«Минималдуу базалык ставка 7 040 сом деңгээлинде сакталды жана ал кызматтык маяналарды жана тарифтик ставкаларды эсептөө үчүн колдонулат. Педагогдорго кошумча төлөмдөр стажына, квалификациясына, илимий даражасына, ардактуу наамдарына жана эмгек шартына жараша белгиленет», — деп билдирди ведомство.

Ошондой эле квалификациялык категория үчүн ай сайын берилүүчү кошумчалар аныкталды: жогорку категория үчүн — 5 миң сом, биринчисине — 3 миң, экинчисине — 2 миң сом.

Министрлик айлык акынын өсүшүнө төмөнкүдөй мисалдарды келтирди:

  • 16 жылдык стажы бар башталгыч класстын мугалими мурда колуна 26,6 миң сом алса, жогорулагандан кийин — 56,7 миң сомдун тегерегинде;
  • 16 жылдык стажы бар математика мугалими 26,1 миң сомдун ордуна эми 51,6 миң сом алат;
  • 13 жылдык стажы бар кыргыз тили жана адабияты мугалими мурда 34 миң сомго жакын алса, эми колуна 67 миң сомдой тийет;
  • Ушундай эле стажы бар биология мугалими 39,5 миң сомдун ордуна 67,6 миң сомго жакын алат;
  • Мектеп директорунун айлыгы 18,2 миңден 41,2 миң сомго чейин, директордун орун басарыныкы — 16,3 миңден 38,3 миң сомго чейин көтөрүлдү. Бала бакчалардын тарбиячыларынын жана өндүрүштүк окутуу чеберлеринин (мастерлердин) айлыктары да олуттуу жогорулады.

Ведомствонун маалыматы боюнча, жогорулагандан кийин билим берүү тармагындагы орточо айлык 50,5 миң сомду түзөт. Салыштырмалуу алсак, өлкө боюнча орточо айлыктын деңгээли 42,9 миң сомду түзөт.

Scroll to Top