Баткенде эркек киши аялын бычактап, андан кийин өзү асынып каза болду

Баткен районунун Чоң-Кара айылында 45 жаштагы эркек киши өзүнүн 44 жаштагы жубайын бычактап, андан кийин өзү асынып каза болду. Бул тууралуу Баткен облустук милиция кабарлады.
Окуя тууралуу маалымат укук коргоо органдарына 26-апрелде саат 10:00 чамасында келип түшкөн.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, 26-апрелге караган түнү эркек киши белгисиз себептерден улам, үйүнүн уктоочу бөлмөсүндө жубайына ашкана бычагы менен бир нече жолу сайган. Натыйжада аял киши окуя болгон жерде каза болгон. Андан кийин ал үйүнүн короосундагы өрүк бакка мал байлоочу жип менен асынып каза болгон. Окуя алардын балдары уктап жаткан учурда болгон.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду. Тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.