Собянин мигранттарды сындагандарга «колуңарга шыпыргы алгыла» деди: оор жумушта иштегендер жетишсиз болуудаБакуда КРдин айыл чарба министри Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен жолуктуБишкекте Абдымомунов көчөсүндөгү көп кабаттуу үй жалындап күйүүдөБишкекте мас айдоочу мушташып, андан соң элди бычак менен коркуттуБакыт Төрөбаев «Тулпар Моторс» авто заводуна бардыЫсык-Көлдө Токтогул ГЭСинен да кубаттуу күн электр станциясы курулууда
Кыргызстандык эки тасма Казакстандагы фестивалга катышууда
02.12.2022 | 10:47
Кыргызстандык эки тасма Алматы шаарындагы (Казакстан) X Bastau-2022 студенттик жана дебюттук тасмалардын кинофестивалына катышууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематография департаментинен билдиришти.
Маалым болгондой, кинофестиваль 29-ноябрда башталып, 3-декабрда аяктайт. Кыска метраждуу тасмалардын сынагына Кыргызстандын атынан режиссер Элдияр Мадакимдин “Сальвадор Дали” жана Б. Бейшеналиева атындагы искусство университетинин студенти Алиман Токтогулованын “Жер” аттуу тасмалары тандалып алынган.
Ошондой эле, Bastau Central Asia сынактык эмес программада Эрнест Абдыжапаровдун “Манасчы Сагымбай” тасмасы көрүүчүлөрдүн назарына тартууланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом