Ыш баскан Бишкек: Жеке үйлөрдө жашаган балдар көбүрөөк ооруйбу?

Ыш баскан Бишкек: Жеке үйлөрдө жашаган балдар көбүрөөк ооруйбу?

Көмүрдү жылытуу үчүн колдонгон жеке үйлөрдө жашаган балдардын ден соолугуна абанын булганышы көбүрөөк таасирин тийгизет. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин изилдөөсүнүн материалдарында айтылат.

30-ноябрда Бишкекте “Абанын булганышынын аялдардын жана балдардын ден соолугуна жана жашоосунун социалдык аспектилерине тийгизген таасири” аттуу изилдөөнүн бет ачары болду.

Алсак, бул балдар жана өспүрүмдөр негизинен борбордук жылытууга кошулган батирлерде жашаган балдарга салыштырмалуу жыл ичинде орто эсеп менен 33%, кыш мезгилинде 37% көмүр жагылуусунан улам булганган аба менен дем алууга дуушар болушат.

«Бирок көп кабаттуу үйлөрдө жашаган балдар дагы эле шаар деңгээлиндеги атмосфералык абанын концентрациясына дуушар болушат», — деп айтылат изилдөөдө.

Буга чейин Лондондун Кингс колледжинин адистери абанын булганышы өспүрүмдөрдүн жүрөгүнө тийгизген таасирин айтышкан. Изилдөөнүн жыйынтыгы Current Problems in Cardiology журналында жарыяланган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>