Киши өлтүрүп эл аралык издөөдөгү кыргызстандык Москвадан кармалдыШайлоо. Адылбек Касымалиев республикалык штабдын биринчи отурумун өткөрдүЭмне үчүн Афганистан-Пакистан кагылышуусу чек ара чатагынан олуттууракСадыр Жапаров Реми Дюфлону кабыл алды: Кыргызстан – Европа Биримдиги менен кызматташууну чыңдоого даярОоганстандын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жөнөтүлдүБыйыл Кытай менен АКШнын ортосунда соода жүгүртүү 14,4%га азайган
Чүйдө дайынсыз болуп жаткан мергенчинин сөөгү табылды
02.12.2022 | 16:28
Тоодо аңчылык кылып жүрүп, дайынсыз болуп жаткан жарандын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Чүйдүн Сокулук районуна караштуу Төш-Булак айылындагы “Кичи-Тоо” тоосунан изделип жаткан З.Д. аттуу аңчынын сөөгү ӨКМдин “Эдельвейс” тобунун 7 тоо куткаруучусу жана Сокулук районунун 4 куткаруучусу тарабынан табылды. 50 жаштагы жарандын сөөгү атайын альпинисттик шаймандардын жардамы менен тоодон түшүрүлдү.
Эске салсак, 27-ноябрь күнү 1961-жылы туулган А.Б. жана 1972-жылы туулган З.Д. тоого аңчылыкка чыгышкан. Ошол эле күнү З.Д. аттуу жаран тоодо текенин артынан кеткен бойдон дайыны жок болуп жаткандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом