Казакстанда казак тили курстарына жазылгандар көбөйдү

Казакстанда казак тили курстарына жазылгандар көбөйдү

Казакстанда казак тилин билбегендик жарандыкты берүүдөн баш тартууга себеп болушу мүмкүн деген жаңылыктар чыккандан кийин казакча үйрөткөн курстарга жазылгандар көбөйдү. Бул тууралуу казакстандык forbes.kz сайты жазды.

Мугалим менен репетиторлордун айтымында, акыркы мезгилде казакча үйрөнүү үчүн курстарга чет өлкөлүктөр же мектеп окуучулары көп келе баштады. Казак тилин үйрөнүүгө келгендердин саны мындан ары да артышы мүмкүн. Себеби 2023-жылдан тарта казак тили боюнча сынакты бир эле бүтүрүүчүлөр эмес, орто жана чоң класстардын окуучулары тапшыра баштайт деген жаңылыктар чыккан.

«ELC Қазақша сөйле» тил борборунун аткаруучу директору Гүлназ Мукаш билдиргендей, мурда казакча үйрөнүүгө ири компаниялардын кызматкерлери, бизнесмендер, депутаттар, мэриянын кызматкерлери келишчү. Алар 30 жаштагылар же андан улуулар болгон. Анын себеби – кызматка байланыштуу тил үйрөнүүгө милдеттүү болгон. Учурда жаштар арасында казак тилин үйрөнүүнү каалагандардын саны артууда.

«Жаштар арасында казак тилинде сүйлөө мода боло баштады. Тилди эмнеге үйрөнүп жатканын сураганда, жумуш үчүн эле эмес, өзү үчүн үйрөнүп жатканын айтышат. Ээн-эркин сүйлөшүп, өзүн коомдун толук кандуу мүчөсү сезгиси келет», — дейт Гүлназ Мукаш.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>