Ош шаарына жаңы сейил бак курулуудаСалык кызматы Бишкекте көмүскө алкоголдук ишкананы аныктадыАвтобуста кызды кармалаган чет элдик жаран Кыргызстандан депортацияланатСоттук-эксперттик кызмат жана УКМК жаңы криминалистикалык жабдууларды алыштыНоокатта УКМК кызматкерлерине кызматтык батирлердин курулатИри түркиялык ишканалар «Ала-Тоо Резорт» курортунун курулушуна кызыкдар
Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолуна убактылуу чектөө киргизилди
09.12.2022 | 20:16
Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолуна убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, Алай районунда аба ырайынын өзгөрүшүнө жана кар күрткүсүнө байланыштуу Алай районунун акиминин буйругу менен Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунда унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилди.
Туруксуз аба ырайына байланыштуу 9-декабрдан баштап Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 184-чакырымынан 251-чакырымына чейин аба ырайы турукташканга чейин автоунаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилген.
Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар