“Даңк” ордени менен сыйланган жарандардын тизмеси

29.12.2022 | 10:13

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Алар Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий дараметин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, ошондой эле кесиптик жетишкендиктери үчүн сыйланышты.

 “Даңк” ордени менен Кыргызстандын беш жараны сыйланды. Алар:

– Борубаев Назирбек Нарматович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Министрлер Кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү;

– Жумаева Роза Ражаевна – “Демократиялык Кыргызстан аялдар комитети” коомдук бирикмесинин төрагасы;

– Омуралиева Гулсара Кушатовна – А. Мырсабеков атындагы Ош  мамлекеттик педагогикалык университетинин биология, химия жана жаратылышты пайдалануу кафедрасынын профессору;

– Султанбекова Чолпон Аалыевна – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ишеним” парламенттик фракциясынын депутаты;

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети – Бишкек шаары.

“Даңк” ордени кандай жетишкендик үчүн тапшырылат?

1) Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүү деңгээлин жана элдин бакубаттуулугун көтөрүүгө, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого өбөлгө түзгөн эмгектеги салымы үчүн;

2) илим, билим берүү жана саламаттык сактоо жаатындагы кошкон салымы үчүн;

3) мамлекеттик, кайрымдуулук жана коомдук иштер жаатындагы, мыйзамдуулукту, укуктук тартипти, коопсуздукту жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чындоодогу кошкон салымы үчүн;

4) улуттук маданиятты, искусствону, тарыхты сактоого, жайылтууга жана өнүктүрүүгө, өсүп келе жаткан муунду патриоттук тарбиялоого кошкон салымы үчүн;

5) спортту илгерилетүүгө, колдоого жана жайылтууга кошкон салымы үчүн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top