Өзбекстан ЕАЭБ менен байланышты бекемдейт: кызматташтыктын жаңы горизонтторуКыргыз мушкери Омар Ливаза бокс боюнча дүйнө чемпионатында финалга чыкты Бишкек абанын булганышы боюнча 70-орунду ээледиСадыр Жапаров Ашхабаддагы тынчтык жана бейтараптыкка арналган эл аралык форумда сөз сүйлөдүБишкекте жаштар Улуттук адабият күнүндө Чыңгыз Айтматовду эскериштиӨзбекстандын маданият министри Ош шаарына келип, мэрди «Достук» ордени менен сыйлады
Кыргызстанда фонограмма менен ырдоого тыюу салынды
02.01.2023 | 20:09
Кыргызстанда мамлекеттик маданий жана билим берүү мекемелеринде, массалык иш-чараларда фонограмма менен ырдоого тыюу салынды. Тиешелүү буйрукка маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов кол койгон.
Министр буйрукка 2022-жылы 30-декабрда кол коюп, ал январдан тарта күчүнө кирген.
Маалыматка караганда, министрликке караштуу спорттук мекемелерде, филармонияларда, концерттик залдарда, кинотеатрларда, музейлерде, китепканаларда, клубдарда, андан тышкары массалык иш-чараларда фонограмма менен ырдоого тыюу салынат.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз