Өзбекстандын маданият министри Ош шаарына келип, мэрди «Достук» ордени менен сыйлады

12.12.2025 | 16:43
Өзбекстандын маданият министри Ош шаарына келип, мэрди «Достук» ордени менен сыйлады — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 12-декабрда, Ош шаарына Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбеков баштаган делегация келди. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.

Бул сапардын алкагында Ош шаары менен Андижан облусунун ортосунда кызматташуу боюнча жол картасына кол коюлду.

Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, президенттин Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, маданият министринин орун басары Аскаралы Мадаминов, Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбеков жана Андижан облусунун акими Шухрат Абдурахманов, ошондой эле жергиликтүү жашоочулар катышты.

Өзбекстандын маданият министри Ош шаарына келип, мэрди «Достук» ордени менен сыйлады — Новости Кыргызстана

Ошондой эле бул жолугушууда мэр Жеңишбек Токторбаев Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жарлыгына ылайык «Достук» ордени менен сыйланды. Орденди ага министр Озодбек Назарбеков такты.

Мындан тышкары Өзбекстандан келген делегациянын катышуусунда Ош шаарында тургузулган акын Алишер Навоинин эстелигинин ачылыш аземи болду.

Өзбекстандын маданият министри Ош шаарына келип, мэрди «Достук» ордени менен сыйлады — Новости Кыргызстана

Эстелик Курманжан датка жана Алишер Навои көчөлөрүнүн кесилишине тургузулган. Айланасы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, иретке келтирилген. Жасалган иштер жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлгөн.

Scroll to Top