Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылдыБШК депутат Курманкул Зулушевди мандатынан ажыратты
Кыргызстанда 12 күндө 647 мас айдоочу кармалды
03.01.2023 | 22:52
Кыргызстанда 12 күндө 647 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Жаңы жыл майрамына карата өлкө аймагында “Бахус” аталышындагы рейд жүргүзүлүп, 20-декабрдан 2023-жылдын 1-январына чейин мас абалында унаа башкарган 647 айдоочу аныкталган.
Ошондой эле тиешелүү документтери жок унаа айдаган 474, унаалардын айнектерин мыйзамсыз караңгылаткан 74, автобейбаштык кылган 6 айдоочу аныкталып, баарына мыйзам чегинде чара көрүлгөн.
Аталган башкармалыктын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызматын улантып, 8-январга чейин “Рулда” аталышындагы рейддик иш-чара өткөрөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом