Кыргызстан менен Италиянын соода палаталары кызматташуу боюнча меморандумга кол койдуКУУнун окутуучусу бешинчи ирет Азия чемпиону болду — окуу жай жеңишти белектер менен белгиледиЭрлан Шеров Азия оюндарында дзюдо боюнча күмүш медаль утту«Бишкекгаз» 5–7-октябрда Бишкектин ири аймагында газды өчүрөтМаммүлктү башкаруу агенттигинде 336,7 млн сомдук жана $3,6 млндук мыйзам бузуулар аныкталды — Эсептөө палатасыУлуттук фтизиатрия борборунун аталышы өзгөртүлүп, ага пульмонология багыты кошулду
Кыргызстанда 12 күндө 647 мас айдоочу кармалды
03.01.2023 | 22:52
Кыргызстанда 12 күндө 647 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Жаңы жыл майрамына карата өлкө аймагында “Бахус” аталышындагы рейд жүргүзүлүп, 20-декабрдан 2023-жылдын 1-январына чейин мас абалында унаа башкарган 647 айдоочу аныкталган.
Ошондой эле тиешелүү документтери жок унаа айдаган 474, унаалардын айнектерин мыйзамсыз караңгылаткан 74, автобейбаштык кылган 6 айдоочу аныкталып, баарына мыйзам чегинде чара көрүлгөн.
Аталган башкармалыктын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызматын улантып, 8-январга чейин “Рулда” аталышындагы рейддик иш-чара өткөрөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом