2025-жылдын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ ичиндеги өз ара соода 95 млрд долларга жеттиБишкекте кыздарды баңгизат колдонууга азгырууга шектелген жаран кармалдыБишкек Масленица майрамын белгилөөгө даярдануудаУКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев Кыргызстандан чыгып кеткени айтылдыОкуучулар мартта 3 гана күн эс алышат. Министрлик себебин түшүндүрдүЧоң-Кеминдеги талаадан уча албай калган ак куу табылды
Казакстанда “тазалыкчы” таштанды челектен каза тапты
04.01.2023 | 14:50
Актөбөдө бир аялды таштанды челек басып каза болгонун Ички иштер министрлигинен билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.
«Актөбөдө 1-январь күнү милицияга 103 операторунан Санкибай батыр проспектисинин боюндагы үйдүн короосунда адамдын үстүнө таштанды кулап түшкөнү тууралуу билдирүү түшкөн. Ыкчам-иликтөө тобу контейнерди жүктөө учурунда КамАЗдын көтөрүүчү механизми бузулуп, таштанды таштоочу темир контейнер 38 жаштагы таштанды чыгаруучу ЖЧКнын жумушчусунун үстүнө түшкөнүн аныкташкан. Бир нече сааттан кийин аял алган жараатынан улам шаардык көп тармактуу аймактык ооруканада каза болгон», – деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар