Бүгүн, 16-ноябрда, күн ачык болотКудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайы
Армения ЖККУга нааразылыгын билдирди
05.01.2023 | 23:40
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян шериктештер Ереванга коопсуздукту колдоону жетишсиз көрсөтүп жатканына, ал эми ЖККУ боюнча өнөктөштөр Арменияны “жөн эле таштап койгонуна” нааразычылыгын билдирди. Бул тууралуу Ирандын Javan басылмасы жазып чыкты.
Пашинян Армениянын салттуу союздаштары Ереванга жетишсиз колдоо көрсөтүп жатканына нааразычылыгын билдирди. Ал эми Тоолуу Карабактагы тынчтык орнотуучу күчтөр да иш жүзүндө блокада абалында турган жергиликтүү армян калкына жардам берүү үчүн «өтө аз» аракет кылып жатат деп айыптады.
Расмий Еревандын айтымында, анын өнөктөштөрү сынга татыктуу, анткени алар “тышкы коркунучта” республиканын кызыкчылыгын активдүү коргобой жатат. Бирок Москва кырдаалга мындай баа берүү менен макул эмес.
Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар