Ватикан 96 жаштагы Рим папасы Бенедикт XVI менен коштошту

Ватикан 96 жаштагы Рим папасы Бенедикт XVI менен коштошту

Ватикан Рим папасы ардактуу Бенедикт XVI менен коштошту. Ал 31-декабрда 96 жашында каза болгон. Маркумду акыркы сапарга узатуу аземине миңдеген динчилдер катышты. Кээ бирлери Йозеф Ратцингердин мекени Германиянын желектерин алып келишти.

Ардактуу коноктор Ыйык Петр соборунун алдында чогулушту. Алардын арасында Италиянын премьер-министри Дорджиа Мелони жана Испаниянын Улуу урматтуу ханышасы София да болду. Мемориалдык массаны Рим-католик чиркөөсүнүн башчысы Франциск жетектеген.

Салтанаттын жүрүшүндө Бенедикт XVIнын жеке катчысы болгон архиепископ Георг Гансвайн табытына ачык Инжилди койду.

2013-жылы Бенедикт XVI акыркы 600 жылдан кийин кызматтан кеткен биринчи понтифик болуп калды. Ал өз чечимин Рим-католик чиркөөсүн башкарууга күчтөрдүн жоктугу менен түшүндүргөн.

Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>