УКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келгенЖогорку Кеңеш ЕАЭБдин Монголия менен соода келишимин ратификацияладыМарлен Маматалиев «75 аксакалдын каты» боюнча билдирүү жасадыАнтимонополдук кызмат: Кыргызстанда КММ бааларынын кескин көтөрүлүшү күтүлбөйтКыргызстанда тоок жумурткасынын баасы турукташтыКыргызстандын дзюдо боюнча курама командасы Кытайдагы Азия чемпионатына катышат
Бишкектеги троллейбустардын кыш чилдеге даярдыгы текшерилди
10.01.2023 | 14:20
“Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасы кескин суукка байланыштуу троллейбустарга карата рейд жүргүздү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, башкармалыктын жетекчилиги бөлүм башчылары менен биргеликте бардык троллейбустардын жылыткычтарын, техникалык абалын текшеришти.
Жетекчилик текшерүү учурунда жылыткычтары иштебеген троллейбустарды каттамга чыгарбай туруп, оңдоосун талап кылды.
Буга чейин ӨКМ 11-январдан тарта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаап, абанын температурасы кескин төмөндөй турганын билдирген.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар