Аз камсыз үй-бүлөлөр мамлекетке электр энергиясын сата алышат

Аз камсыз үй-бүлөлөр мамлекетке электр энергиясын сата алышат

Эмгек министрлиги Энергетика министрлиги менен биргеликте “Нур Кубат” долбоорун ишке ашырууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Энергетика министрлигинин өкүлдөрү жана кызыктар тараптар менен болгон жолугушууда билдирди.

“Нур Кубат” долбоорунун алкагында Чүй облусунун Чүй жана Жайыл районунда жашаган аз камсыз болгон “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун алган үй-бүлөлөр үчүн кубаттуулугу 5-10 киловатт-саат болгон күн батареялары бекер орнотулаары айтылды. Мында аккумуляторлордон өндүрүлгөн электр энергиясынын бардыгын жөлөк пул алуучулар пайдаланып, ашыкчасын мамлекет сатып алат.

“Пилоттук долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу менен Эмгек министрлиги Энергетика министрлиги менен биргеликте “Нур Кубат” долбоорун республика боюнча аз камсыз болгон үйбүлөлөргө таратууну көздөп жатат”, — деди министр. 

Белгилей кетсек, учурда республика боюнча “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулун алуучулардын жалпы саны 106,7 миң үй-бүлөнү түзөт.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>