Депутат жапырт камалгандарды бошотууну талап кылды — видео

Депутат жапырт камалгандарды бошотууну талап кылды — видео

Бүгүн, 11-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиев массалык башаламандык уюштурууга шектүү делип кармалып, учурда камакта отурган 20дан ашык адамды бошотууну Башкы прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиевден талап кылды.

Анын айтымында, эки айдан бери алар суракка чакырыла элек.

“Мен алар менен чогуу отургам. Бийликти басып алуу боюнча сөз болгон эмес. Мен сизге расмий түрдө кайрылып жатам. Аларды бошотуу керек. Эки айдан бери бир дагы жолу суракка чакырылбаптыр”, — деди.

Башкы прокурордун орун басары учурда тергөө иштери бүтө элек экенин билдирип: “тергөөнүн мөөнөтү бар. Ошол убакыттын ичинде чечим кабыл алынат”, — деп жооп берди.

Масалиев өз кезегинде: “Сиз маянаны эмне үчүн алып жатасыз? Конституцияда силерге кандай укук берилген? Силер прокурор катары көзөмөлгө алышыңар керек. Биздин жарандарды эркиндикке чыгаргыла”, — деди.

Буга чейин ИИМдин Тергөө кызматынын башчысынын орун басары Нурдин Эшимкан уулу аталган кылмыш ишинин алкагында 24 киши тергөө абагында камакта болсо, эки адам үй камагында экенин билдирген.

2022-жылы 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган.

13-декабрда да сот болуп, аларды 20-февралга чейин абакта калтырды.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>