Депутат мигранттарды АКШга жөнөтүүнү сунуштады — видео

Депутат мигранттарды АКШга жөнөтүүнү сунуштады — видео

Депутат Мейкинбек Абдалиев мигранттарды АКШга жөнөтүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал 11-январда Жогорку Кеңештин жыйынында абилдирди.

Анын айтымында, Россияга караганда, АКШда иштеген кыргызстандык жарандар көбүрөөк айлык алышат.

«Россияда иштеген мигранттарыбыз айына орточо 500 доллар маяна табышат экен. Анын 100-200 долларын үй-бүлөсүнө жөнөтөт. Ал эми АКШдагы биздин мигранттар, негизинен, такси, трак айдап, 10 миңден 30 миң долларга чейин пайда табышат экен. Ушунун үстүндө иштешибиз керек. АКШ менен келишим түзүү зарыл. АКШнын элчилигине кайрылыш керек. Бул жакта трак айдай турган айдоочуларга англис тилин, АКШнын мыйзамдарын үйрөтүп, лицензия берип, Америкага жөнөтүп иштеткенге мүмкүнчүлүк берилсе, мигранттардын жашоосун оңдомокпуз. Америкада трак айдагандар бир айылды багып жатышат», — деди ал.

Ал Кыргызстандын Россия менен алакасы жакшы экенин, бирок көбүрөөк пайда табуунун жолун да үйрөнүү керектигин айтты. Депутат билдиргендей, АКШда трак айдаганга 100 миң айдоочуга жетишсиздик бар.

«Биздин жарандар Америкага барып иштеп калса, биздин экономиканы көтөрмөк, өздөрүнүн үй-бүлөсүн бакмак, айылына инвестиция кылмак», — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>