Кемпир-Абад иши: Камалгандар канча жылга соттолушу мүмкүн? Жооп

Кемпир-Абад иши: Камалгандар канча жылга соттолушу мүмкүн? Жооп

Массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө шектелип кармалгандар, мыйзамга ылайык, жети жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу ИИМдин Тергөө кызматынын башчысынын орун басары Нурдин Эшимкан уулу бүгүн, 10-январда камакка алынгандардын туугандары менен болгон жолугушууда билдирди.

Камакка алынгандардын жакындары бүгүн ИИМдин имаратынын алдына митинг өткөрүүгө чогулган.

Жолугушуу учурунда Нурдин Эшимкан уулуна «тергөө абагында отургандарды үй камагына чыгарса болбойбу, камактагы мөөнөтү эмне себептен узартылып жатат?» деген суроо узартылган.

«Кылмыш кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү оор кылмыш болуп саналат, жети жылдан он жылга чейин каралган. Кылмыштын оордугу камакка алуу дегенди туюндурат. Алардын күнөөлүү же күнөөлүү эместигин сот карайт. Биз адамды күнөөлүү деп айта албайбыз, аны сот чечет», — деди ал.

Анын айтымында, аталган кылмыш ишинин алкагында 24 киши тергөө абагында камакта болсо, эки адам үй камагында. Дагы бир кишиге – активист Тилекмат Күрөновго издөө жарыяланган.

Эскерте кетсек, аталган жолугушуудан кийин милиция кызматкерлери камактагылардын жакындарына ИИМдин жанында митинг өткөрүүгө уруксат берген жок. Акциянын катышуучулары президенттин администрациясы турган көчө (Абдымомунов көчөсү) аркылуу Горький сейил багына жөө жүрүш менен өтүүгө аракет кылганда, милиция аларды кармап кетти.

2022-жылы 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган.

13-декабрда да сот болуп, аларды 20-февралга чейин абакта калтырды.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Кемпир-Абад иши: Милиция митингге чыккандарды кармап кетти — видео

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>