«Баатыр эне» энелеринин балдарына окуу боюнча жеңилдиктер. ЖК комитети мыйзам долбоорун жактырды«Кыргызстанга жыл бою иштөөчү туризм керек». Сергей Глуховеров — сезон, жаңы каттамдар жана тармактын келечеги тууралууКР Коопсуздук кеңешинин катчысы жана Венгриянын премьеринин кеңешчиси глобалдык коопсуздук маселелери боюнча позицияларын такташтыКыргызстанда туризмдин кирешеси 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 1 млрд долларга жеттиНарында эки адамды сүзүп кеткен айдоочу 23 жаштагы аскер кызматчысы экени белгилүү болдуТрамп Ирандын мунай ресурстарына АКШнын көзөмөлүн орнотуу мүмкүнчүлүгүн четке какпайт
Кара-Балтада 7 жашар кыз каза болду
16.01.2023 | 11:14
Кара-Балта шаарында жети жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, 14-январда кыз эс-учун жоготкон абалда Жайыл аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Көрүлгөн чараларга карабай, кыз 15-январдан 16-январга караган түнү реанимацияда каза болгон.
Маалым болгондой, кыз 18 жаштагы улуу эжесинин көзөмөлүндө болгон. Үй-бүлөдө беш бала бар. Ата-энеси жумушка кетишкен.
Окуя боюнча укук коргоо органдары иликтөө иштерин баштады.
Бишкекте 11 бала тарбияланган фостердик үй-бүлөнүн үйү күйүп кетти
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом