Бишкекте 11 бала тарбияланган фостердик үй-бүлөнүн үйү күйүп кетти

Бишкекте 11 бала тарбияланган фостердик үй-бүлөнүн үйү күйүп кетти

Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылында өрт чыккан үй 11 бала тарбияланып жаткан фостердик үй-бүлөгө таандык болгон. Бул тууралуу «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова билдирди.

Анын айтымында, 5 жаштан 14 жашка чейинки 11 бала тарбияланып жаткан фостердик үй-бүлө үйсүз калды.

“Кечээ Чүй районунун бийлиги жана айыл өкмөттө рү тарабынан аларга керектүү буюмдар берилди. Балдардын апасы элден бул боюнча кабатыр болбоону суранды. Ал болгону үйүн тазалап, калыбына келтирүүгө жардам сурайт”, — деди ал.

Ал белгилегендей, жардам берүүнү каалагандар +996 709 020 859 номуру аркылуу Гүлнурга кайрылса болот.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкектин четиндеги балдар үйүнөн чыккан өрт өчүрүлгөнүн билдирген.

Маалыматка караганда, 13-январда саат 19:00 чамасында Кара-Жыгач айылынын Шопоков көчөсүндө жайгашкан балдар үйүнөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине ыкчам түрдө ӨКМдин эки өрт өчүрүүчү бөлүмү жана ыкчам нөөмөт кызматы тартылган. Мекеменин ичинен тарбиячылар жана балдар эвакуацияланган. Жабыркагандар жок. Өрт саат 20:13тө чектөөгө алынып, саат 23:08 өчүрүлгөн.

Анын кесепетинен жыгач устундуу темир менен жабылган аянты 320 чарчы метр эки кабаттуу үйдүн чатыры, экинчи кабаты буюмдары менен толук күйгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>