Оштогу УКТ мүчөсүнүн өлтүрүлүшү: Бешинчи шектүү милицияга өзү келди

Оштогу УКТ мүчөсүнүн өлтүрүлүшү: Бешинчи шектүү милицияга өзү келди

Ош шаарында 13-январга караган түнү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн өлтүрүлүшүнө байланыштуу издөөгө алынган жарандардын бири милицияга өз ыктыяры келди. Бул тууралуу 16-январда Reporter.kg’ге Ош шаардык милициясынан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган окуя боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында «Женго» каймана аты бар кримтөбөл Кадыр Досонов 13-мартка чейин камакка алынган. Ал эми калган кармалгандар — Эламан Коргонбай уулу, Акылбек Раимберди уулу, Курсантбек Шакир уулу жана Нурбек Чубаковдун бөгөт чарасы бүгүн каралат.

Ошондой эле издөөгө алынгандардын бири — Актилек Абдивали уулу милицияга өз ыктыяры менен келип, милицияга көрсөтмө берип, окуя болгон учурда башка жакта болгонун билдирген.

«Актилек Абдивали уулу өз ыктыяры менен келип, башка жакта болгону боюнча көрсөтмө берди. Анын көрсөтмөлөрү дагы текшерилет. Ал камакка алынган жок», — деп билдириштии милициядан.

Ошол эле учурда аталган окуя боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында дагы бир нече адамды кармоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, 13-январга караган түнү Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү өлтүрүлүп, дагы бир оор абалда ооруканага түшкөн. Бул окуяга байланыштуу кылмышты уюштурууга шектүү катары Кадыр Досонов кармалган. Ошондой, эле Эламан Коргонбай уулу, Акылбек Раимберди уулу, Курсантбек Шакир уулу жана Нурбек Чубаков издөөгө алынып, кармалышкан. Бул иш боюнча шектүү катары издөөгө алынгандардын арасында Актилек Абдивали уулу да болгон.

Оштогу УКТ мүчөсүнүн өлтүрүлүшү: Төртүнчү шектүү кармалды – видео

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>