Садыр Жапаров Казакстандын президентин улуттук референдумдун өткөрүлүшү менен куттуктадыИюль айында Бишкек – Бээжин багыты боюнча жаңы авиакаттам ачылатӨзбекстандан келген 82 миңден ашык көчөт артка кайтарылды17-мартка карата аба ырайыБШК Гүлсүнкан Жунушалиеваны жеке арызынын негизинде депутаттык мандатынан ажыраттыМектеп жетекчилеринен акча талап кылып келген. Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы кармалды
Баткенде аткезчилик жүк ташууга шектүү кармалды
18.01.2023 | 17:52
Баткен облусунда минералдык жер семирткичтерди аткезчилик жол менен ташууга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Белгилүү болгондой, 16-январда Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын “Сада” аймагында 03 KG 249 ACM мамлекеттик номурлуу “Мерседес-Бенц Спринтер” унаасы токтотулган.
Унаанын 28 жаштагы А.Я. аттуу айдоочусу селитра минералдык жер семирткичин аткезчилик жол менен ташууга шектелип кармалып, Баткен райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Ал эми унаасы УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгына киргизилди.
Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары башталды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз