Былтыр «Кумтөрдөгү» текшерүүнүн жыйынтыгы менен 5 млрд сомго жакын каржылык бузуу болгону аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов билдирди.
Жыйында депутат Мейкинбек Абдалиев былтыр «Кумтөрдөгү» текшерүүнүн жыйынтыгы кандай болгонун сурады.
Акматовдун айтымында, текшерүү 5 млрд сомго жакын каржы бузууларды аныктаган.
«Кумтөрдүн мурдагы жетекчилери түзгөн бухгалтердик система, бөлөк системанын баары өзгөрүлгөн эмес экен. Ошондой эле уланып жатыптыр. Биздин текшерүүнүн жыйынтыгы менен 5 млрд сомго жакын каржы бузуулар аныкталган», — деди ал.
Ал билдиргендей, бул иш боюнча ИИМ, Башкы прокуратура жана УКМК териштирүү жүргүзүүдө.
Депутат Абдалиев, аталган факт «Теңгиз Бөлтүрүктүн ишиби?» деп сурады.
«Ооба, ошол кишинин иши», — деди Акматов.
Эскерте кетсек, «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк былтыр сентябрь айында кармалган. Учурда ал УКМКнын тергөө абагында камакта отурат. Анын камактагы мөөнөтү 10-мартка чейин узартылган.
Башкы прокуратура Теңгиз Бөлтүрүк менен бирге эки кишини «Кумтөр Голд Компанидеги» коррупциялык ишке шектеп кармаган. Мамлекетке 1 млрд сомго жакын зыян келтирилгени айтылган.
Теңгиз Бөлтүрүк: 2025-жылы Кумтөр ишин токтотууга аргасыз болот
Биздин Телеграм каналга катталыңыз