Бишкектин Калинин көчөсүндөгү көпүрө оңдоо иштерине байланыштуу жабылатКожомкул атындагы спорт сарайына заманбап бассейн салынатМихаил Шайдоров Казакстанга фигуралык муз тебүү боюнча Олимпиаданын алтын медалын алып келди15-февралга карата аба ырайыЖашы жете электи зордуктоого шектелгендерди жоопкерчиликтен бошоткон. Кеминде Тергөө кызматынын башчысы кармалдыИшкерлерден акча талап кылып жүргөн. Ошто жалган милиция кызматкери кармалды
Экс-мэрлер Кулматов менен Ибраимов СИЗО-1ге которулбай турган болду
24.06.2019 | 11:54
Бүгүн, 24-июнда Ленин райондук сотунда мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовго кылмыш иши боюнча соттук отурум өтүүдө.
Өткөн жумада экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов өңдүү коррупциялык иштер боюнча айыпталган бир нече адамдарды СИЗО-1ге которуу сунушу менен УКМК Ленин райондук сотуна өтүнүч кат жиберген. Анткени УКМКнын убактылуу кармоочу жайында орун калбай калгандыгы айтылган.
Айыпталуучулардын жактоочусу мындай сунушка каршы экенин билдирген. Анын айтымында, мындай абал соттолуучулардын абалын начарлатат.
Сот кеңешме залына кирип чыккандан кийин экс-мэрлерди башка СИЗОго которуу сунушунан баш тартуу чечимин кабыл алды.
Рубрики: Жаңылыктар