ОПЕК+ өлкөлөрү мунай өндүрүүнүн көлөмүн өзгөртүү боюнча макулдаштыБишкектеги Азия чемпионаты: Кыргызстандын төрт балбаны жарым финалга чыктыАкысыз кино көрсөтүүлөр: Бишкекте Франкофондук тасмалар фестивалы башталатНовопавловкада 3 млн сомдук акциздик маркасы жок мотор майлары табылдыБишкекте Улуттук филармониянын алдындагы фонтандар жаңыланатReporter.kg жана «BiExpo» көргөзмө компаниясы Кыргызстандын позитивдүү имиджин алга жылдыруу боюнча өнөктөш болушту
Кыргызстандыктар Мальдив аралдарына визасыз бара алышат
03.02.2023 | 11:17
Мальдив аралдары Кыргызстандын жарандары үчүн визалык талаптарды жоюуда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, келишим күчүнө киргенден кийин Кыргызстандын жарандары Мальдив аралдарына жалпы жарандык паспорт менен кире алышат жана ал өлкөдө 30 күнгө чейин жүрө алышат.
“Учурда тиешелүү эл аралык келишимдерди күчүнө киргизүү боюнча мамлекеттик ички процедуралар жүргүзүлүүдө”, – деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, 2022-жылы Бириккен Араб Эмираттары, Бахрейн, Ливан жана Мальдив аралдары менен дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды алып салуу боюнча 4 өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюлган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом