ИИМдин мыкты кызматкерлери сыйланды — сүрөт

ИИМдин мыкты кызматкерлери сыйланды — сүрөт

Бүгүн, 3-февраль күнү ИИМдин коллегиясынын отурумунда ички иштер органдарынын 2022-жылдын ичиндеги ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылып жатат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Коллегиялык отурумдун башында ички иштер министри Улан Ниязбеков «Кесиби боюнча мыкты» эсептелген кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырган. Ал куттуктоо сөзүндө, милиция кызматкерлери эл үчүн, өлкөнүн тынчтыгы үчүн кызмат өтөп жатканын айткан.

«Сиздерди кыргыз милициясынын эң жогорку сыйлыктарына ээ болушуңуздар менен коллегия мүчөлөрүнүн атынан, ушул жерде катышып жаткан жетекчилик курамдагы кызматкерлердин жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Эл үчүн, өлкөбүздүн тынчтыгы үчүн талыкпаган ак эмгек жасап, жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу аткарып, жарандардын коопсуздугун сактап, тынымсыз күжүрмөн аракеттерди жүргүзүп, бул ыйык максатты улантып жатасыздар. Алган сыйлыгыңыздар сиздерге күч, дем жана шык берип, дагы көптөгөн ийгиликтерди жаратууга түрткү болот деп ишенем. Кайсы гана кызматты ээлеген кызматкер болбосун же коомдук коопсуздукка чоң салымын кошуп, элдин тынч жашоосуна өбөлгө түзгөн коомдун өкүлү болобу, алардын эмгектери бааланып, бүгүнкүдөй жагдайда сөзсүз түрдө сыйланат. Жалпы журтубуздун тынчтыгы жана коопсуз жашоосу үчүн кара жанын карч уруп, күнү-түнү иштегендерди Ички иштер министрлигинин ушундай жогорку сыйлыктары күтүп турат», — деди ал.

Ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча «Кесиби боюнча мыкты» сынагынын жеңүүчүлөрү:

—  «ИИМдин Ички аскерлеринин мыкты кызматкери» — ИИМдин Ички аскерлеринин №7707 аскер бөлүгүнүн «Шер» отрядынын техниги, прапорщик Камчыбеков Аширбек;

—  «ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын мыкты ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери» — Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүнүн  кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери, милициянын улук лейтенанты Лутпилла уулу Алибек;

—  «ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын мыкты ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери» — ИИМдин  Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Синтетикалык баңгизаттарга, IT технологиялар чөйрөсүндөгү баңгилик коркунучтарга жана баңгилик кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү башкармалыгынын IT технологиялар чөйрөсүндөгү баңгилик коркунучтарга жана баңгилик кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү боюнча бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери милициянын капитаны Ким Артем;

—  «ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын мыкты ыйгарым укуктуу оперкызматкери» — Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын  ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери, милициянын капитаны Эркебаев Замирбек Зайирбекович;

—  «ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын мыкты милиционери» — ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Жалал-Абад шаарынын ички иштер бөлүмүнүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кенже инспектору, милициянын прапорщиги Батыров Аманали Темирович;

—  «ИИМдин Күзөт кызматынын мыкты кызматкери» — ИИМдин Күзөт кызматынын Бишкек шаарынын Ленин районунун Күзөт бөлүмүнүн взвод командири,  милициянын улук лейтенанты Джумалиев Тилек;

—  «ИИМдин Криминалистикалык кызматынын мыкты кызматкери» — Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын криминалистикалык кызматынын улук инспектор-криминалисти  милициянын капитаны Акматов  Куштарбек;

—  «ИИМдин Атайын багыттагы полкунун мыкты милиционери» — ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 3-батальонунун (Ош ш.) өзүнчө ротасынын (Баткен ш.) 1-взводунун милиционери милициянын старшинасы Адилов Алижан;

—  «ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Атайын операциялар отрядынын мыкты күжүрмөн кызматкери» — ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Атайын операциялар отрядынын 2-бөлүмүнүн ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкер-жоокери, милициянын старшинасы Салахидин уулу Саламат;

—  «ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын мыкты милициянын участкалык уполномоченныйы» — Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн Коомдук коопсуздук кызматынын улук участкалык ыйгарым укуктуу кызматкери, милициянын улук лейтенанты Пакиров Замирбек;

—  «ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Милициянын кайгуул күзөт кызматынын мыкты милиционери» — Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын Кайгуул күзөт кызматынын милиционери, милициянын улук сержанты Раев Бектур;

—  «ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин иши боюнча мыкты участкалык инспектору» — Жалал–Абад облусунун Жалал-Абад ШИИБдин милициянын балдар менен иштөө инспектору, милициянын капитаны Кадырова Самара;

—  «ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Ыкчам чара көрүү борборунун мыкты ыкчам нөөмөтчүсү» — Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын Ысык-Көл РИИБнин нөөмөт бөлүмчөсүнүн нөөмөтчүсү, милициянын капитаны Буланбаев Адилет;

—  «ИИМдин Тергөө кызматынын мыкты тергөөчүсү» — ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын улук лейтенанты Осмонов Аскат;

Жогоруда аталган кызматкерлердин бардыгы сыйлык тасмалар, атайын вымпелдер жана ИИМдин кол сааты менен сыйланышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>