Кыргызстан менен Гонконг кош салык салууну жокко чыгарууну көздөп жататФеликс Уланбеков VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында самбо боюнча алтын медаль утту«Ошол эле жерден куткарууга туура келет»: ветеринар көк бөрүдөгү аттардын жаракаттары тууралууЕвропага жумушка орноштурам деп алдаган. Баткенде 43 жаштагы шектүү кармалдыЭки айлык тандоо: Кыргызстандын аттары Көчмөндөр оюндарына кантип даярдалдыКырчында 77 жаштагы карыянын жүрөгү кармап, Балыкчыга тик учак менен жеткирилди
Кыргызстандыктар Мальдив аралдарына визасыз бара алышат
03.02.2023 | 11:17
Мальдив аралдары Кыргызстандын жарандары үчүн визалык талаптарды жоюуда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, келишим күчүнө киргенден кийин Кыргызстандын жарандары Мальдив аралдарына жалпы жарандык паспорт менен кире алышат жана ал өлкөдө 30 күнгө чейин жүрө алышат.
“Учурда тиешелүү эл аралык келишимдерди күчүнө киргизүү боюнча мамлекеттик ички процедуралар жүргүзүлүүдө”, – деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, 2022-жылы Бириккен Араб Эмираттары, Бахрейн, Ливан жана Мальдив аралдары менен дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды алып салуу боюнча 4 өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюлган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом