«Кыргызнефтегаздагы» коррупция ишине шектелген Байгазы Матисаков абактан бошотулдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланган окуя боюнча кылмыш иши козголдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланып, ооруканага түштүАйыл чарба министрликке кабыл алууга кире албай жатышат — депутатЕАЭБде учкучсуз жүк ташууну жайылтуу пландалуудаТашкент – Ош багытындагы түз авиакаттам ачылды. Мындан ары каттамдар жумасына эки ирет аткарылат
Былтыр жол эрежелерин бузуудан дээрлик 700 млн сом түшкөн
03.02.2023 | 17:19
Былтыр 2022-жылы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын кызматкерлери жол кыймылынын эрежелерин бузуу боюнча жалпы суммасы 699 миллион 151 миң 105 сомду мамлекеттик бюджетке өндүргөн. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле “Автоураган” мобилдик комплекси кыска убакыттын ичинде 4587 мыйзам бузууну аныктап, 2651 унаа атайын токтотуучу жайларга коюлган. Анын ичинен 640 унаа издөөгө алынган. Бул багытта төлөнгөн айыптардын суммасы 41 миллион 790 миң сомду түзөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом