Былтыр мамлекеттик бюджеттин кирешеси 300,5 млрд сомду түздү

Былтыр мамлекеттик бюджеттин кирешеси 300,5 млрд сомду түздү

2022-жылы мамлекеттик бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү алдын ала маалыматтар боюнча 300,5 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2021-жылга салыштырмалуу былтыр жалпы кирешелер 43,2%га же 90,7 млрд сомго өскөн.

«2022-жылы салыктык кирешелердин көлөмү 229,0 млрд сомду же пландан 100,5%ды түздү, мурдагы жылга салыштырмалуу 77,8 млрд сомго же 51,4%га өстү. Бажы кызматы тарабынан администрацияланган салыктык кирешелери 74,3 млрд сомду, же пландын 100,8%ын түздү. Мурдагы жылга салыштырганда бажылык төлөмдөрдүн жана салыктардын түшүүсү 27,4 млрд сомго, же 58,5 %га өстү.

Салык кызматы тарабынан администрацияланган салыктык кирешелери 154,7 млрд сомду түздү, пландык көрсөткүч 100,4%га аткарылды. Мурдагы жылга салыштырмалуу 50,4 млрд сомго же 48,3%га өстү«, — деп билдирет министрлик.

Мамлекеттик бюджеттин салыктык эмес кирешелери 52,1 млрд. сомду түздү.

«Өткөн жылга салыштырмалуу түшүүлөр 15,9%га же 7,2 млрд. сомго өстү.

«Расмий гранттардын түшүүлөрү 19,5 млрд сомду түздү. Өткөн жылга салыштырмалуу гранттардын түшүүлөрү 41,9%га же 5,8 млрд сомго өскөн», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>