Ички иштер органдарындагы санариптештирүү иши улантылат

Ички иштер органдарындагы санариптештирүү иши улантылат

Коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн ички иштер органдарын санариптештирүүнү улантышыбыз керек. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда ички иштер министри Улан Ниязбеков ИИМдин 2022-жылдагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиянын отурумунда билдирди.

Анын айтымында, учурда санарип тармагы адам турмушунун маанилүү жана орун алмашкыс бөлүгү болуп эсептелет.

«Бардык заманбап технологиялар — мезгилдердин агымын жиреп, ааламды багындырып турган чагы. Адам коомунун коопсуздугу эле эмес, жалпы турмуштук шартта технологиялардын жардамы жок жашоону элестетүү кыйындыкка келген учуру деп айтсак болот.

Жаңы чакырыктарды эске алып, замандын талабынан артта калбай, бүтүндөй заманбап стандарттарды пайдаланып, элдин коопсуздугун сактап, кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү ишке ашыруу – бардык ички иштер органдарынын башкы максаты болуп эсептелет», — деди ал.

Белгилүү болгондой, республиканын аймагында 2 миң 177 видеокамера иштейт. Анын ичинен 519 камера адамды жүзүнөн тааныйт. Алар аркылуу күнү-түнү мониторинг иштери жүргүзүлүүдө. Аталган камералар республиканын негизги райондоруна жана кооптуулук мүмкүн болгон жайларга орнотулган.

«Убакыт өткөн сайын жаңы коом түптөлүп, жашоого жаңы көз караш менен караган, акыл-эси, таалим-тарбиясы, ички дүйнөсү жаңы доордун өзгөчөлүгүнө ылайыкташкан кийинки муундун катмары түптөлүүдө.

Социалдык турмуш-тиричиликте орун алып жаткан жаңы эрежелер, адамдын жашоого карата мамилесин күн сайын өзгөртүп жаткан чагы. Бул чакырыктарга коопсуз кадам таштап, жалпы журттун турмушундагы бардык бейпилдик шарттарын түзүп, иш алып баруу», — деди Ниязбеков.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>