Ош облусунун Чоң-Алай районунда мергенчини кар көчкү басып калып, каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 6-февралга караган түнү «102» кызматынан Чек айылынын 26 жаштагы А.Ж аттуу тургуну Кулчу айылынын тоосунда карышкырга мергенчилик кылып жүргөн учурда, кар көчкү басып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине 4 куткаруучу, 25 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 50 адам тартылган.
Издөө иштердин натыйжасында мергенчинин сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз