Чара көрбөсөк, Бишкек чоң айылга айланат, — Акылбек Жапаров

Чара көрбөсөк, Бишкек чоң айылга айланат, — Акылбек Жапаров

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров борбор калаанын 2022-жылга карата ишинин жыйынтыгын чыгаруу жана 2023-жылга пландары боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын кеңейтилген коллегиялык жыйынына катышты.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, жыйында Акылбек Жапаров шаардагы тазалыкты камсыздоо маселесине өзгөчө басым жасады.

«Бул муниципалитеттин ишиндеги негизги багыттардын бири. Өз убагында чара көрбөсөк, чоң айылга айланып калуу коркунучу бар. Жарандар шаар маданиятына жаштайынан үйрөнүүсү зарыл. Таштанды таштабоо, түкүрбөө, таштандыны иргөө, бөлөк адамды урматтоо деген сыяктуу нерселер бала кезден сиңирилиши керек. Биз жаңы конуштарды борбордун толук кандуу бөлүгү катары кабылдап, ал жердеги шарттар шаардын борборундагыдай деңгээлде болушу керек», — деп белгиледи министрлер кабинетинин башчысы.

Акылбек Жапаров Ош жана Бишкек шаарлары өлкөнүн өнүгүүсүндө кыймылдаткыч күч катары болушу керектигин белгилеп, шаардын өнүгүшүнө ар бир тургун өз салымын кошуусу керектигин кошумчалады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>