Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Чоң-Алайда мергенчини кар көчкү басып калды
06.02.2023 | 17:14
Ош облусунун Чоң-Алай районунда мергенчини кар көчкү басып калып, каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 6-февралга караган түнү “102” кызматынан Чек айылынын 26 жаштагы А.Ж аттуу тургуну Кулчу айылынын тоосунда карышкырга мергенчилик кылып жүргөн учурда, кар көчкү басып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине 4 куткаруучу, 25 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 50 адам тартылган.
Издөө иштердин натыйжасында мергенчинин сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз