Журналист Ыдырыс Исаков кайра суракка чакырылды

Журналист Ыдырыс Исаков кайра суракка чакырылды

Журналист Ыдырыс Исаков бүгүн, 6-февралда кайра суракка чакырылды. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Анын айтымында, милиция кошумча суроолору бар болгону үчүн суракка кайра чакырган.

«Кечээги сурак чала болуп калыптыр. Ошондуктан милиция бүгүн дагы чакырып атат. «Кошумча суроолор бар» дешти. Кыргызстанда кылмыштуулук азайып, тергөөчүлөр бекер калгандай болуп, милиция менин аракетимен кылмыштын курамын издеп жаткандай», — деп жазды ал.

Эскерте кетсек, журналист Ыдырыс Исаков 5-февралда Ош шаардык милициясына сурак берип чыккан. Ал суракка барардан мурда билдиргендей, милиция журналисттин интернетте тарап жаткан видеосуна байланыштуу түшүндүрмө берүүнү талап кылышкан. Журналист кеп болуп жаткан видео азыркы президент тууралуу болушу мүмкүн деп болжоп жатканын айткан. Анда Ыдырыс Исаков Садыр Жапаров камакта жаткан маалдагы видеолорунун биринде сыпаттама берип сүйлөгөн. Ал видеону белгисиз адамдар кыркып, жаңылап, кайрадан «ТикТок» жана башка социалдык түйүндөргө таратып жиберишкен.

Шаардык милиция журналисттин суракка чакырылышы боюнча билдиргендей, «ТикТок» социалдык түйүнүндө «Альберт» (Albert) деген аталыштагы аккаунт аркылуу «Кыргыз ойгон, уйгур мафиясы Кыргызстанды тоноп жатат» деген башкы теманын алкагында кыскача видеоролик жарыяланып, анда Ыдырыс Исаковдун видео кайрылуусу дагы болгон. Ал суракка күбө катары чакырылып, кайрылуу качан жасалгандыгы, кайсы уйгур мафиясы тууралуу кеп болуп жаткандыгы суралган.

Суракта Ыдырыс Исаков видео жүктөгөн «Альберт» деген атуулду тааныбай тургандыгын, ал видео 2020-жылы элге жасаган кайрылуусунан монтаждалып белгисиз адамдар тарабынан жасалгандыгы жана кайсы уйгур мафиясы тууралуу кеп болуп жаткандыгын билбегендигин айткан.

Милиция журналист Ыдырыс Исаков эмнеге суракка чакырылганын айтты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>