Жаңыланган Нарын аэропорту алгачкы учакты кабыл алдыКосмонавт Салижан Шарипов Кыргыз Республикасынын паспортун алдыСадыр Жапаров: Жайлоолорду техника менен тебелебегилеАйыл чарба министрлиги малдын экспортун убактылуу чектөөнү сунуштадыСадыр Жапаров Каракол шаарын өнүктүрүү пландары менен тааныштыКараколдо ӨКМдин жаңы имараты ачылып, ага Президент катышты
Баткенде 14 жаштагы Аяна Жээнбаева изделүүдө
10.02.2023 | 11:18
Баткенде дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы Аяна Жээнбаева изделүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга Айназик Жээнбаева аттуу жаран кайрылып, 30-январь күнү болжол менен саат 11:00до 14 жаштагы кызы Аяна Жээнбаева үйдөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келбегендигин билдирип, аны издөөгө көмөктөшүүнү суранган.
Белгилери: ак жуумал, арык чырай, кашы, көзү кара, чачы күрөң, бою 145-150см.
Үйдөн кандай кийимде чыгып кеткендиги белгисиз.
Баткен райондук милициясы Аяна Жээнбаеваны көргөндөр болсо, (03622) 102, 5-17-56, 0774-77-86-88, 0552-00-22-74 номерлерине кабар берүүсүн суранат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз