Чоң энесин карабаганы үчүн өспүрүмдү агасы сабаган. Чоо-жайы

Чоң энесин карабаганы үчүн өспүрүмдү агасы сабаган. Чоо-жайы

Жалал-Абад облусунда өспүрүмдү сабаган жаран жазадан кутулганына «Адилет» укук коргоо уюмунун жактоочусу Элдор Бакиров нараазы.

Маалым болгондой, Жалал-Абад облустук соту «Адилет» укук коргоо уюмунун жактоочусу Элдор Бакировдун РИИБдин тергөөчүсү тарабынан мыйзам бузууларды эске алгысы келбеген Сузак райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу боюнча арызын канааттандырган жок.  Тергөөчү оор ур-токмокко алуу боюнча ишти Кылмыш-жаза кодекси менен карабастан, аны укук бузуу жөнүндө кодекси менен чектелген.

Маалым болгондой, Сузак районунда 16 жаштагы Урмат аттуу өспүрүмдү тууганы сабагандыктан, ал эки жума ооруканада жаткан. Урматтын айтымында, 2021-жылдын 13-ноябрында 1973-жылы туулган тууганы Нурлан (Орусиянын жарандыгы бар) алардын үйүнө келип, аны катуу сабап салган. Өспүрүм кошуналарга качып чыгып кутулган.

Нурландын Урматты сабаганына алардын үйүндө жашаган чоң энесин Урматтын жакшы карабагандыгы себеп болгон. Милицияга өспүрүмдүн сабалышы тууралуу  ооруканадан маалымдашкан. Бул иш «Бейбаштык» беренеси менен катталган. Алган жаракатынан улам Урматка операция жасалган. Дарыгерлерге ал баш оору, баш айлануу, алсыздык менен кайрылган. Нейрохирургия бөлүмүндө Урмат 14 күн дарыланган.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында өспүрүмдүн мурду сынып, мээси чайкалганы аныкталган. Урматтын ден соолугуна келтирилген зыяндын оордугу ден соолугунун кыска мөөнөттүү бузулушуна алып келген жеңил жаракат катары бааланган. Бирок милиция бул факты боюнча кылмыш ишин кыскарткан.

«Иш боюнча медициналык экспертизанын корутундусуна карабай, Сузак РИИБдин тергөөчүсү ишти Кылмыш-жаза кодексинен укук бузуу боюнча кодексине кайра квалификациялаган”, — дейт “Адилет” укук коргоо уюмунун юристи Элдор Бакиров.

Биринчи инстанциядагы сотто Нурлан Урматты сабаганын мойнуна алган. Кылмыш-жаза кодексине ылайык, ага 20 миң сом айып салынган.

Жактоочу Бакировдун айтымында, тергөөчүлөр Кылмыш-жаза кодексинин 136-беренеси “Ден соолуктун кыска мөөнөттүү бузулушуна алып келген ден соолукка жеңил залал келтирүү” беренесин колдонушу керек болчу.

Бул позицияга Сузак районунун прокуратурасы да макул болуп, 2022-жылдын 3-ноябрында РИИБдин тергөөчүсүнүн Кылмыш-жаза кодексинин негизинде кылмыш ишин токтотуу жана материалдарды кароого берүү жөнүндө токтомун жокко чыгарган.

Ал эми 2022-жылдын 3-ноябрында ошол эле күнү райондук прокуратура да, райондук соттун судьясы К.Самудинов да өз чечимдерин чыгарып, бири-бирине карама-каршы чечимдерди чыгарышкан.

Адвокат Бакиров облустук сотко жазган арызында райондук прокуратура РИИБдин тергөөчүсүнүн Кылмыш-жаза кодексинин негизинде кылмыш ишин токтотуу жана материалдарды кароого өткөрүү чечимин жокко чыгарганына көңүл бурат. Бирок, 2022-жылдын 19-декабрында облустук сот биринчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырып, жактоочунун арызын канааттандыруусуз калтырган.

Кошумчалай кетсек, жактоочу Бакиров облустук соттун чечимин 2023-жылдын 9-январында гана алган, бул Кылмыш-жаза кодексинин 552-беренесинин 4-бөлүгүн бузуу болуп саналат.

«Сот райондук прокуратура РИИБдин тергөөчүсүнүн сотко чейинки өндүрүштү токтотуу чечимин негизсиз деп таап, Кылмыш-жаза кодексинин негизинде ишти кароо үчүн РИИБдин тергөөчүлөрүнө өткөрүп берүү жөнүндө токтом чыгарганын эске алган жок», — деп билдирет юрист.

Жактоочу белгилегендей, облустук соттун КЖКнын 552-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде чыгарган чечими акыркы деп эсептелет жана даттанууга жатпайт. Муну менен облустук сот Нурланга жасаган кылмышына жараша жазадан кутулууга жардам берди.

«Адилет» укук коргоо уюмунун юристтери Жалал-Абад облустук сотунун кылмыш иштери жана жоруктары боюнча соттук коллегиясынын билип туруп адилетсиз чечим чыгарганы боюнча Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясына кайрылуудан башка аргасы жок экенин белгилешет.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>