«2040-жылга чейин: Кыргызстанда табиятты коргоонун негизги планы сунушталды»Кытайдын тышкы иштер министри Кыргызстанга келетКыргызстан АКШдан келген автоунааларды көбүрөөк алып жатат, бирок аларга азыраак каражат сарптоодоИшкердикке жеңилдик: уруксат документтери эки эсеге кыскартылатМосквада ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңеши чогулдуПатенттер үчүн салык системасы жөнөкөйлөштү: эмне өзгөрдү
Ошто кар көчкү басып калган адамдын сөөгү табылды
12.02.2023 | 22:15
Ош облусунда кар көчкү басып калган 59 жаштагы адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Алай районунун Ленин айыл өкмөтүнө караштуу Мурдаш айылынын Т.К. аттуу тургуну мал издеп, айылдан 3 чакырым алыстыктагы тоого чыгып, тоодон кар көчкү басып калган.
Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн Алай райондук №68 ӨКБдан 21 куткаруучу, ИИМден 4 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылып, кар көчкү басып калган эркек кишинин сөөгүн алып чыгып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом