Бишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы чектелетЭкинчи ата-эненин макулдугусуз. Балдардын чет өлкөгө чыгуусу жеңилдетилиши мүмкүнБишкекте Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылдыБишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөтСанитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыКыйылган бир дарактын ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты
Баткендин тургундары дээрлик 2 миллиард сом насыя алышты
13.02.2023 | 08:50
Былтыркы жылдын 18-ноябрынан 2023-жылдын 31-январына чейин Баткен облусунун тургундарына 1 миллиард 918,6 миллион сомдук 18 955 насыя берилген. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Маадыматка караганда, көзөмөлдөөчү орган финансы-кредиттик мекемелерге чек ара аймагындагы насыя алуучулардын арыздарын артыкчылыктуу тартипте кароону сунуштаган.
Ал эми “Кепилдик фонду” ААК 170,5 млн сомго 158 кредит боюнча 80,3 млн сомго 155 кепилдик берген.
Айрым финансы-кредиттик мекемелер насыя алууда талаптарды жөнөкөйлөштүрүп, алардын пайызын төмөндөтүп, жеңилдетилген пайыздык үстөк менен “Баткен облусунун насыя алуучуларына насыя берүү” акциясын баштады. Ага ылайык, онлайн кредиттөө боюнча иштер жигердүү жүрүп жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом