Касым-Жомарт Токаев Орусияны ТМУга кабыл алууну сунуштадыКырсык себеп болгон: Бишкек мэриясы жаңы каптаманын бузулушунун себебин атадыКыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирдиЖАМКнын тергөөчүсү 100 миң сом талап кылууга шектелип кармалды
Садыр Жапаровду Венгрияга коштоп кеткен делегациянын курамы
12.02.2023 | 18:48
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-февралда расмий сапар менен Будапештке (Венгрия) жөнөп кетти.
Расмий сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөр, кыргыз-венгер бизнес форуму жана башка иш-чаралардын өткөрүлүшү күтүлүүдө.
Кыргызстандын расмий делегациясынын курамында:
– Мамлекет башчысынын жубайы Айгүл Жапарова;
– тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
– Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
– Кыргызстандын Венгриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Талантбек Кушчубеков;
– билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов;
– санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов;
– экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;
– юстиция министри Аяз Баетов.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом