Садыр Жапаров Борбордук Азия жана Корея кызматташтыгынын беш багытын сунуштадыДепутат күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине кургак тамак-ашка бөлүнгөн каражатты көбөйтүүнү сунуштадыКөзөмөлдөө үчүн мектептердин окуу китептерине QR-коддор коюлушу мүмкүнКурултайлардан санариптик парламентке чейин — Наталья Никитенко КР ЖКнын трансформациясы тууралуу«Борбордук Азия – Корея Республикасы» саммитинин жыйынтыгында Сеул декларациясы кабыл алындыБюджет-2027: Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына 28,25 млрд сом бөлүнөт
Ошто кар көчкү басып калган адамдын сөөгү табылды
12.02.2023 | 22:15
Ош облусунда кар көчкү басып калган 59 жаштагы адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Алай районунун Ленин айыл өкмөтүнө караштуу Мурдаш айылынын Т.К. аттуу тургуну мал издеп, айылдан 3 чакырым алыстыктагы тоого чыгып, тоодон кар көчкү басып калган.
Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн Алай райондук №68 ӨКБдан 21 куткаруучу, ИИМден 4 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылып, кар көчкү басып калган эркек кишинин сөөгүн алып чыгып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом