Кыргызстан менен Кытай саламаттык сактоо жаатында кызматташууну өнүктүрүүдөБишкекте пенсионерлер жана майыптыгы барлар үчүн алгачкы социалдык дүкөн ачылдыЖаңы окуу жылына 3,2 млн нуска окуу китеп даярдалдыКунарсыз жайыттарга калыбына келтирүү үчүн үрөн себилетКыргызстанда 1-класска 93 миңден ашык окуучу кабыл алындыЖол коопсуздугун камсыздаган инспекторлор эми протоколдорду электрондук түрдө түзө башташат
Видео: Жалал-Абадда “Женгонун” кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды
13.02.2023 | 11:01
Жалал-Абад облусунда “Женго” каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун К.С. аттуу мүчөсү кармалды. Бул туралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган жаран Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча 2022-жылдын июнь айынан бери издөөдө жүргөн.
Ал Ноокен райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Учурда анын башка кылмыштарга катыштыгы бар же жок экендигин тактоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Тергөө иштери жүрүп жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз