Түркия: Кыргызстандык куткаруучулар дагы бир адамды куткарышты (видео)

Түркия: Кыргызстандык куткаруучулар дагы бир адамды куткарышты (видео)

Түркияда кыргызстандык куткаруучулар төртүнчү адамды урандылардын алдынан куткарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, алар 12 кабат үйдүн урандысынын алдында жаткан адамды 12-февралда кечки маал таап, алты сааттан кийин 13-февраль саат 02:17лерде алып чыгышкан.

Куткарылган жаран медицина кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Эскерте кетсек, буга чейин кыргызстандык куткаруучулар үч адамды урандылардын алдынан аман-эсен куткарышкан.

6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сириянын түндүгүндө катуу жер титирөөлөр болгон. Анын айынан, акыркы маалыматтар боюнча, Түркияда 29 миң 605 киши каза таап, 147 миң 934 адам жараат алды.

Жер титирөөгө байланыштуу Кыргызстан куткаруу иштерине жардам берүү үчүн Түркияга 67 ӨКМ кызматкерин, анан кийин дагы 50 куткаруучуну жөнөткөн.

Түркиядагы зилзалдан кыргызтандык аял каза болду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>