Бакыт Төрөбаев айыл чарба министри кызматынан бошотулдуКаныбек Досмамбетов Кыргызстандын саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулдуМанас шаарынын аталышы кайра өзгөртүлбөйтКыргызстандын тигүү ишканалары төрт банк аркылуу жеңилдетилген насыяларды ала алышатЕБ башпаанек берүү эрежелерин катаалдатууда: мигранттар үчүнчү өлкөлөргө депортацияланат«Чакан ГЭС» жана кытайлык ишкана Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо боюнча келишимге кол коюшту
Футбол: Кыргызстандык чабуулчу Литванын клубунда ойнойт
18.02.2023 | 11:35
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын чабуулчусу Шерали Юлдашев Литванын жогорку лигасындагы «Дайнава» ДФК менен келишим түздү. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол бирикмеси билдирди.
Аталган бирикмеден белгилешкендей, өткөн сезондо Юлдашев Швециянын «Умео» клубунда ойногон. Анда ал 19 беттешке катышып, эки гол киргизген жана бир голдук пас берген.
Юлдашев улуттук кураманын катарында алгачки ирет былтыр 24-сентябрда Орусияга каршы жолдоштук беттеште оюн ойногон. Улуттук курама үчүн бир беттеш өткөргөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт