Айыл чарба техникасын лизингге берүүгө 45 млн доллар инвестициялык кредит тартылдыБишкекте Чүй көчөсүнүн Ак-Босого конушундагы оңдолгон бөлүгү ачылдыЧет өлкөдө издөөдө жүргөн 184 адам кармалып, 132си Кыргызстанга кайтарылды — ИИМӨзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп Замирбек Надырбеков дайындалдыКыргызстанда «Тоолор жана адамдар» аттуу фотосынак жарыяландыМаматалиев КМШга Айтматовдун 100 жылдыгын бирге белгилөөнү сунуштады
Футбол: Кыргызстандык чабуулчу Литванын клубунда ойнойт
18.02.2023 | 11:35
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын чабуулчусу Шерали Юлдашев Литванын жогорку лигасындагы «Дайнава» ДФК менен келишим түздү. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол бирикмеси билдирди.
Аталган бирикмеден белгилешкендей, өткөн сезондо Юлдашев Швециянын «Умео» клубунда ойногон. Анда ал 19 беттешке катышып, эки гол киргизген жана бир голдук пас берген.
Юлдашев улуттук кураманын катарында алгачки ирет былтыр 24-сентябрда Орусияга каршы жолдоштук беттеште оюн ойногон. Улуттук курама үчүн бир беттеш өткөргөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт