Кыргыз валютасынын 30 жылдыгына карата балдар арасында «Сом – Кыргызстандын жүзү» аттуу республикалык чыгармачылык сынагы өткөрүлөт. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Сынакка 7 жаштан 11 жашка чейинки балдар сүрөт жана кол өнөрчүлүк боюнча катыша алат.
Сынак төмөнкү багыттар боюнча өтөт:
«Сом – Кыргызстандын жүзү»;
«Каражатыңды планда, өз келечегиңе кам көр»;
«Кыялдар канат байлаганда».
Сынакка катышуу үчүн сынактык арызды толтуруп, эмгектерди 1-марттан 1-апрелге чейин Улуттук банктын кызматкерлеринин электрондук почтасына жөнөтүү зарыл. Сынакты өткөрүү тартиби тууралуу маалыматты Улуттук банктын сайтынан алууга болот.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз